Москва: кыргыз ишкерлерин кыйнаган чечим

Москва: кыргыз ишкерлерин кыйнаган чечим

Орусия бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да акча которуунун көлөмүнө чектөө киргизди. Ага ылайык, банк эсеби жок жарандар айына Орусиядан Кыргызстанга 100 миң рубль гана жөнөтө алат.

Орусиянын Улуттук банкы башка өлкөлөргө акча которуудагы чектөөлөрдү көмүскө операцияларга бөгөт коюу жана каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөшүү аракети менен түшүндүрүүдө. Бул боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, акча которууга карата 16-апрелден тартып киргизилген каржылык чектөөлөр кыргыз мигранттарына таасирин тийгизбей турганын жарыялады.

Байкоочулар мындай чектөөлөр мигранттардын акча салышына анча таасир этпегени менен Кыргызстандагы айрым орто ишкерлер тоскоолдуктарга туш болуп жатканын айтып чыгышты.

Маселен, кийим тигип Орусияга жөнөткөн Венера Шабданованын айтымында, банктан эсеп ачып акча жүгүртүү татаал болгондуктан алар жөнөкөй которуу менен иштеп келишкен. Эми Орусиядагы кардарлары жүз миң рублдан ашык акча которо албай, ишкердин айласы кетип жаткан кези.

«Эсеп ачканы банктарга барсаң «кара тизмедесиңер» деп коёт. «Дордойдун»баары эле «кара тизмеге» кирген. Эмнеге андай болгонун эч ким түшүндүрбөйт. Эми жөнөкөй которулган акчаны ала албай жатабыз. Эмнеге мамлекет ушундай жөнөкөй нерсени чече албайт? Салыкты эле кыйын алышат. Биз мамлекетке ишенбей калдык», – деди ишкер.

Ал эми Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөгү жыйырмадан ашык банкта Орусияга акча которуу системасы жолго коюлганын жана кыргызстандык ишкерлерге эсеп ачууда эч кандай тоскоолдук жок экенин маалымдады.

Кыргызстандын борбордук банкы Орусиядан которулган акчанын көлөмүнө чектөө киргени боюнча кабардар экенин белгилеп, «бул мигранттарга залакасын тийгизбейт» деп түшүндүрдү. Улуттук банктын маалыматына караганда, Орусияда иштеген кыргызстандык жарандардын айлык акысы 500-600 доллар, ал эми которгон акчасы 400-500 доллар деп эсептелген. Мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева ишкерлерге банк эсептерин ачып иштөөнү сунуш кылды:

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

«Бул эл аралык тажрыйбанын негизинде ачык-айкын төлөмдөрдү жүргүзүш үчүн Орусиянын борбордук банкынын каржы системасын жөнгө салууга болгон аракети. Бирок биздин мигранттарга таасирин тийгизбейт. Анткени мигранттардын тапкан айлыгы 100 миң рублдан төмөн. Ал эми ишкерлер эсеп ачып алып иштей беришет».

Кантсе да учурда айрым экономисттер акча которуудагы мындай чектөөлөр чакан жана орто бизнес ээлерине кыйынчылык келтирерин эскертип жатышат.

Өлкөдө жеңил өнөр жайында жана мөмө-жемиш ташууда банк эсеби жок эле акча которуу менен соода кылгандар арбын. Экономист Азамат Аттокуров эми алар акчаны мыйзамсыз жолдор менен ташууга өтүшөт деп божомолдойт.

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Эми ар кайсы адамдар аркылуу поезд, учак менен көмүскө акча ташуу башталат, – деди адис. – Илгери ушундай болчу. Мында каракчылык сыяктуу кылмыштар күчөйт. Мөмө-жемиш саткан дыйкандар атайын ишкана болуп банк эсебин ачпайт. Анткени анда көбүрөөк салык төлөшүң керек. Бул маселе президенттик деңгээлде чечилиши зарыл. Мурда чектөө 10 миң долларга чейин болчу».

Расмий эсеп боюнча Кыргызстанга негизинен Орусиядан гана көп акча которулат. Жылына Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар мекенине 2 миллиард доллардын тегерегинде каражат салышат. Орусиядан акча салгандардын көбү «Золотая Корона» сыяктуу акча жөнөтүү системасын колдонот.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<