Орус элчилиги: Акча которууга чектөө мигранттарды кыйнабайт

Орус элчилиги: Акча которууга чектөө мигранттарды кыйнабайт

Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, акча которууга карата 16-апрелден тартып киргизилген Орусиядагы каржылык чектөөлөр эмгек мигранттарына тиешелүү эмес экенин жарыялады.

Анда 100 миң рублга чейинки сумманы банктан эсеп ачпай туруп которууну чектөө тууралуу чечим көмүскө каражаттарды айлантууга бөгөт коеру белгиленет.

«Орусиядагы эмгек мигранты чет жакка айына орточо 500 доллар (32 миң рубль) гана которот. Ошондуктан киргизилген лимит Орусиянын аймагында иштеген Кыргызстандын жарандарына ыңгайсыздык жаратпашы керек», – деп жазылат билдирүүдө.

Мунун алдында Орусия бир катар өлкөлөргө которулуп жаткан акчанын көлөмүнө чектөө киргизгенин орусиялык басылмалар жазган. Чектөө кирген өлкөлөрдүн арасында Вьетнам, Кытай, Кыргызстан жана Казакстан да бар. 16-апрелден тартып акча которуу системалары аркылуу Казакстанга Орусиядан айына 150 миң рублдан ашык каражат жөнөтүү мүмкүн болбой калса, Кыргызстанга, Кытайга жана Вьетнамга кирген чектөө 100 миң рублду түзөт.

Орусиянын Улуттук банкы мындай чечимди көмүскө операцияларга бөгөт коюу аракети менен түшүндүрүп, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөштүн ыкмасы катары сыпаттайт.

2018-жылы Орусиядан Өзбекстанга которулган каражаттын көлөмү 14 млрд. долларды түзгөн. Ушул эле жылы Кыргызстанга Орусиядан 1,3 млрд. доллар, Кытайга 675 млн. доллар, Казакстанга 392 млн. доллар жана Вьетнамга 175 млн. доллар которулган.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<