Нур-Султан шаарында 1-май майрамы мыкты белгиленди

Нур-Султан шаарында 1-май майрамы мыкты белгиленди

Кечээ бардык өлкөлөрдө 1-май эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү белгиленди.

Казакстанда 1-май күнү Казакстан элдеринин биримдигинин күнү майрамдалды. Казакстан элдеринин ассамблеясынын курамындагы “Кыргызстан-Астана” коомдук уюмунун мүчөлөрү, Нур-Султан шаарынын меймандарын жана жашоочуларын  “Қазақ елі” борбордук аянтында тосуп алышты.

Андан кийин Казакстан элдеринин ассамблеясынын жаштар канаты Нур-Султан шаарынын ботаникалык багында алма көчөттөрүн отургузушту.

“Кыргызстан-Астана” коомдук уюмунун атынан мындай ардактуу ишти музыкалык колледждин студенти Дарига Сатарова аткарды.  Ошентин бул күнү бардык жерде майрамдык маанай, биримдик, ынтымак өкүм сүрүп турду.

Ушундай жакшы кабарды бизге “Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов жеткирди.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<