Түркияда иштеп, окуп, тажрыйба алмашып жаткан кыргызстандык дарыгерлер бирге эс алышты

Түркияда иштеп, окуп, тажрыйба алмашып жаткан кыргызстандык дарыгерлер бирге эс алышты

Жыл сайын болуучу салтка айланган Түркиядагы кыргыз дарыгерлердин пикниги бул жолкусунда да эң мыкты деңгээлде Анкара шаарында өттү.
Пикникке келгендердин саны 70ке жетип, алардын көпчүлүгүн Кыргызстандан университетти бүтүрүп билим сапатын жакшыртуу максатында ординатурага тапшыргандар жана Түркиянын чоң шаарларында дарыгер болуп эмгектенген кыргыздар түздү. Ошону менен бирге Кыргызстанга таанымал,  Түркияда сыйга ээ болгон белгилүү хирург- трансплантолог Эркин Орозакунов катышып, жаш дарыгерлерге кеңеш-насааттарын айтып  ийгилик каалап кетти. Ошондой эле дарыгерлер бири-бири менен таанышып, кесиптик жагдайлар боюнча баарлашышты.
Пикниктин башкы максаты ынтымакты, биримдикти чыңдоо болуп, ар түрдүү улуттук оюн-зооктор, даам-татымдар менен коштолду. Дарыгер жаштарды бириктирген эң негизги максат- билим сапатын жакшыртып, иш тажрыйбасын өркүндөтүп мекенге кайтып кызмат кылуу экенин белгилеп кетсек болот.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу