ТИМ министр орунбасары Н. Ниязалиев Катардагы кыргызстандыктар менен жолугушту

ТИМ министр орунбасары Н. Ниязалиев Катардагы кыргызстандыктар менен жолугушту

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин 2-майда Катар мамлекетинде жашаган кыргыз жарандары менен жолуккандыгы айтылат.

Жолугушуунун жүрүшүндө, мекендештерге актуалдуу болгон маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Нуран Ниязалиев чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча мекендештерге кабар берди.

Жолугушуунун катышуучулары Катар мамлекетиндеги эмгек ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча суроолоруна тиешелүү жоопторду ала алышты.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<