Дагы бир мекендештен айрылдык

КР Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, дагы бир кыргыз жараны уруп-сабоонун айынан каза болду.

КР Россиядагы элчилигине Санкт-Петербургдун Москва районундагы Яковлевск көчөсүндөгү №6-үйдүн жанынан 3-майга караган түнү КР жаранынын кыйнап өлтүрүлгөн денеси табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Ал жерге консулдук кызматтын кызматкери барып, төмөнкүдөй маалыматты билген: каза болгон адам 1989-жылы туулган кыргызстандык С. Б. К экендиги аныкталып, сабоонун айынан көз жумган. Адам өлгөндүгү тууралуу факт боюнча тиешелүү райондун полиция кызматынын 29-бөлүмү текшерүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада өлүмгө шектелген эки адам кармалган.

Россия УМВДсынын Москва райондук дарегине элчиликтин расмий кайрылуусу жөнөтүлдү. Каза болгон кыргызстандык боюнча маселе мындан ары элчиликтин көзөмөлүндө болмокчу.

 

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<