Р. Эшимов: Ишкерлер акчасын көмүскө жол менен которо баштады

Р. Эшимов: Ишкерлер акчасын көмүскө жол менен которо баштады

Кыргыз мигранттары Орусиянын башка мамлекеттерге акча которууга киргизген чектөөлөрү алар үчүн кыйынчылык жаратып жатканын айтышууда. Маалыматка ылайык, учурда кыргызстандыктар өлкөгө акча которуу үчүн атайын эсептерди ачып, кошумча каражат төлөп жатышат.

16-апрелден тарта Орусияда бир катар мамлекеттерге анын ичинде Кыргызстанга каражат которууга чектөө киргизилген. Ага ылайык мигрант банктан эсеп ачпай туруп 100 миң рублдан ашык акча сала албайт. Муну орус өкмөтү көмүскө операцияларга бөгөт коюу аракети катары түшүндүрүп жатат. Би-Би-Си көп жылдан бери Москвада жүргөн ишкер Руслан Эшимов менен маектешип, алгач ал жактагы мигранттардын абалдын сурады.

Р. Эшимов: Чектөөлөр 16-апрелде киргизилди. Бирок айдын башынан тартып эле банктар 100 миң рублдан көп акчаны Орусиядан тышка которууга тыюу салып койду. Апрелдин башынан тартып банктар 100 миң рублдан ашыкан каражатты которбой калышты.

Би-Би-Си: Мындай чектөө мигранттарга кандай таасир тийгизип жатат? Кыргыз расмийлери эмгек мигранты айына орточо 500 доллардан которо турганын айтып, бул киргизилген чектөөлөр аларга ыңгайсыздык жаратпайт деп жүйө келтирүүдө.

Р. Эшимов: Ооба, айлыкка жашаган мигранттарыбыз көп. Алардын тапканы кырк миң рублдан алтымыш беш рублга чейин. Албетте, алар үчүн ыңгайсыздык жаралган жок. Ошол эле учурда 60-70 миң рубль айлык жана кошумча 40-50 миң рубль тапкан кыргыз мигранттары дагы бир топ. Мына ушулар каражаттарын которо албай, кыйналып жатат. Маселен, Москваны эле алалы, көп жылдан бери ушул шаарда жашайм. Кыргыздардын токсонго жакын кафе, ресторандары бар. Булардын кирешеси жүз миңден эки-үч эсе көп да. Курулуш материалдарды саткан төрт-беш базарда эле жүздөгөн кыргызстандыктар соода кылышат. Кийим-кечек саткан үч базарда дагы кыргыз мигранттары көп иштейт. Ишкердик менен алектенген кыргыз жарандары эле 25-30 миңге чамалайт. Алар каражаттарын которо албай калды. Соода менен алектенген ишкерлер товар айлантат. Таза кирешеси 500-600 миң рубль болгондо деле жүгүртүүдөгү товарлары миллиондогон каражат эмеспи. Маселен, “Дордой” базарында товарларды накталай акчага гана сатат.

Буга чейин Орусиядан Кыргызстанга 2 млрд доллардын тегерегинде каражат которулуп келген

Би-Би-Си: Чектөөлөр айдын башында эле башталганын айттыңыз. Эми ошол сиз айтып жаткан ишкерлер абалдан кантип чыгып жатышат?

Р. Эшимов: Абалдан чыгуу үчүн Кыргызстандан жана Орусиядан эсеп ачуу керек. Анан эсептен эсепке которулат. Которуу иштерин жүргүзүүдө эки мамлекеттен тең комиссияга деп акча төлөнөт. Дагы бир машакаты – акчаны которуп жатканда каражаттын булагын көрсөтүүнү талап кылып жатышат. Эгерде мигрант бизнесмен болсо, анда өзү кол коюп, маалым катын жазып алып бара берет. Мындай шартта базарда соода кылгандар эмне кылат? Алар эч кандай документациясы жок эле орунду ижарага алып соода кылышат да. Эсеп ачкан күндө деле жогорудагыдай тоскоолдуктар болуп жатат. Кечээ Кыргызстанга 150 миң рублды которуу үчүн таң аткандан түн жарымына чейин убара болушту. Биринин болгону 20 миң лимити калыптыр, экинчисинде 50 миң калган экен. Ошентип бөлүп-жарып жатып араң колдоруна тийди. Мага дагы 200 миңдей акча которулушу керек болчу. Айлам кеткенде каражатты “Сбербанктагы” карточкама салып, анан бул жактан алдым. Ошондо 12 миң сом кайда кеткени белгисиз, дайынын таппай калдым.

Би-Би-Си: Эгер жагдай ушундай нукта уланып кете бере турган болсо мындан аркы абал кандай болот?

Р. Эшимов: Буга чейин Орусиядан Кыргызстанга 2 млрд. доллардын тегерегинде каражат которулуп келген. Эгер абал ушул бойдон улана турган болсо которуу кескин түрдө кыскарат. Эң жаман жери Орусиянын дагы, Кыргызстандын дагы мыйзамдарын одоно бузуу менен акчаны көмүскө которуу күч алат. Мындай аракеттер эмитен эле башталды. Ошондо тигил өлкөдөн бул өлкөгө канча акча которулду, эсеп-кысап так болбой калат. Мигранттар үчүн дагы кооптуу абал жаралат. Себеби, мындай жол менен которулган каражаттар ортодо жок болуп кеткен учурлар көп болгон. Мыйзам бузгандар колго түшүп кала турган болсо, таза иш алып барган ишкерлер дагы жабыркайт.

Би-Би-Си: Эми өкмөттөн кандай колдоо күтүп жатасыздар?

Р. Эшимов: Маселеге өкмөт, атүгүл президент өзү кийлигишүүсү керек. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда акча которуу, товар айлантуу, жумушчу күчтөрү эркин жүгүртүлүшү керек деген эрежелер эмне болду? Кыргыз өкмөтү бул суроону тез арада кабыргасынан коюусу керек.

Булак Би-Би-Си

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<