Тюмендеги мекендештердин спорттогу жетишкендиги

Тюмендеги мекендештердин спорттогу жетишкендиги

Россиянын Тюмень шаарында жашаган мекендештерибизде жакшы жаңылык болгондугун ушул шаардагы “Биримдик” аймактык кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова билдирди.

Тюмень шаарындагы бокс боюнча спорттун чебери Ниязбеков Эсен жана Сулайманов Исламбек жетектеген ММА  боюнча “Айкөл Манас” клубунун спортсмендери Челябинск шаарында өткөн спорттун миксфайт түрү боюнча турнирге катышты. Бул турнир Россия Федерациясы боюнча өткөрүлүп, ага Тюменде жашап иштеген мекендештерибиз катышып, Эрнисбек уулу Арген 63.5 кг. салмакта биринчи орунга, Джурабаев Руслан 60 кг. салмакта биринчи орунга, Адахамжан уулу Ынтымак 60 кг. салмакта экинчи орундагы жеңишке жетишишти.

Турнирдин жыйынтыгы менен Эрнисбек уулу Арген жана Руслан Джурабаев спорттук миксфайттын Бүткүл россиялык федерациясынын спорт чебери даражасына ээ болушту. Ал эми калган жети спортсмен үчүнчү орунга татыктуу болушту.

Кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова ийгиликке жетишкен мекендештерибизди куттуктады: “Эсен жана Исламбек агайларды, жигиттерди ийгиликтери менен куттуктайм! Бекем ден-соолук каалап, дагы эмгектенип спортто мындан да чоң ийгиликтерди багындырышына тилектешмин. Тюмендиктер силер менен сыймыктанабыз!”

Биз дагы жогорудагы куттуктоого кошулабыз. Алыста иштеп жаткан мекендештерибиздин кыргыз элинин намысын спортто коргоп жүргөндүгү менен сыймыктанабыз.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<