Түркияда мигранттын оорусу кымбатка түшөт

Түркияда мигранттын оорусу кымбатка түшөт

Анкарадагы элчиликте иштегениме бир канча айдын жүзү болуп калды. Өзгөчө консулдук бөлүмгө ар кандай маселелер менен жарандарыбыз келет.

Айрыкча бул жакта эмгектенип жүрүп ооруканага түшкөн жарандардын көйгөйү оорураак.

Маселенин өзөгү мындай. Биздин жарандар ооруканага жатып калган учурда аябай көп суммада төлөм чыгып кетет. Мунун эки себеби бар. Биринчиси – Түркиядагы медициналык тейлөөнүн баалары Кыргызстандыкынан алда канча кымбат тургандыгы. Ал эми экинчиси – Түркиянын жараны болбогон бирөө ооруканага жаткан учурда «ден соолук туризми» деген категорияда катталгандыгына байланыштуу. Анткени айтылуу категория менен дарыланган киши адаттагы төлөмдөн дээрлик үч эсе көп төлөгөнгө милдеттүү болуп калат.

Ошентип, тилекке каршы, оорукана дегенде жүрөк түшчүдөй болуп жүрүшөт. Бирок мунун алдын алуу толук мүмкүн. Маалым болгондой, эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары мындан кийин Түркия Республикасында расмий жол менен жумушка кирсе пенсияга чыкканга укуктуу. Бул жол менен жумушка кирген кишиге жумуш берген тарап анын социалдык коргоо жүгүн толук моюнга алганга милдеттүү болуп саналат. Айтылуу социалдык коргоо эмгек мигрантынын убактылуу жашап турууга уруксатын, медициналык камсыздоосун, айлык маянасын жана Соцфондгө кетчү төлөмдү да камтыйт. Ал үчүн эмгек мигранты менен жумуш берүүчү эң башында келишип алышы керек. Эгерде бул мүмкүн болбой жатса, анда алган айлыгынын бир бөлүгү менен убактылуу жашап туруу укугун алып, медициналык камсыздоосун жасатышы зарыл.

Антпесе эки өлкөнүн ортосундагы 3 айлык визасыз мөөнөт бүткөн соң бул кепилдиктерди жасатып албаган киши ооруканага түшсө жогоруда айтылгандай кырдаалга туш болот. Легалдуу эмес абалда Түркиянын аймагында жүргөнү үчүн кармалса депортацияланат. Андан да жаманы – паспорт алмаштыруу, күбөлүк алуу, ишеним кат жаздыруу сыяктуу консулдук кызматардан да пайдаланууга укугу калбайт. Мыйзам ушундай экен.

Анталиядагы кыргыз мигранттары.
Анталиядагы кыргыз мигранттары.

Маселе так ушул жерден башталып жатат. Биздин жарандарыбыздын көпчүлүгү айлык акысын сүйлөшүп эле жумушка кирип кетип жатышат. Айталык, 30 миң сом айлык алса, 29 миңин чыдамсыздык менен күтүп отургандары бар. Ошол анын көпчүлүгү Кыргызстанга келген соң деле той-топур, өлүм-житим, отуруш сыяктуу нерселер менен эле жок болсо керек. Оор шарттарда, ак эмгек менен келген акчаны аң-сезимдүү түрдө иштетүү чанда эле кездешип калды окшойт. Мындайча айтканда, адамдарыбыз ден соолугу менен расмий статусунан кечип иштеп тапкан акчасы биринчи кезекте ал кишинин өзүнө сарпталышы керек эмес беле?

Уул-кыздарды чет-жакага кулчулукка эмес, эмгектенүү үчүн жөнөтүп жатканыбызды аңдасак.

Университетти бүткөндөн тартып беш жыл бою үй кызматкери болуп иштеп, бир тыйынын калтырбай ата-энесине жөнөткөн кыз алтынчы жылы жашы отузга жакындап калганда келечегин ойлоп магистратураны баштаса атасы капа болгонун эстейм, «иштей бергениң эле жакшы болчу, кызым» деп уялбай… Же ошончо убактан бери кызы кашыктап топтогондон келечеги үчүн бир нерсе деле кылбаптыр. Эркек балдарга деле анчалык жүк артуу туура эмес деп ойлойм. Бирок өзгөчө кыз баланы чет-жакага жумушка жөнөтүп, маянасын майкандап, анын келечегин куруткан кантип болсун? Бизге, салттуу кыргыз ата-энеге ушул жарашабы?

Энени баласынан ажыратуу тырмакты этинен ажыраткандан да азаптуу дейт. Баласынан алыс калган эненин абалы мындай болсо, небересинен алыс бирөөнүн баласын же оорулуу ата-энесин карап жүргөн жашы улуу эжелерибиздин ичиндеги дарты кантип жатты экен?.. «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» деп бекеринен айтылбаса керек. Ушул эжелерибиз уул-кыздын сыйын көрүп, небере жыттап жыргап жашай турган кезде дагы эле мээнет кылып жүрөт. Ырас, мамлекет шарт түзүп бере албай чет-жакада жүргөндөн кийин жок дегенде өзүбүздү ойлоп, ошолордун айлык маянасын ач карышкырдай күтпөйлүчү. Жөнөткөн акчасын максималдуу түрдө туура сарптайлычы.

Сунуш. Алгачкы бир жарым айдын маянасы убактылуу жашап турууга уруксат алууга жана жарытарлык медициналык камсыздама жасатууга жетет. Андан кийинки бир жарым айлык маянасын жеке капчыгына катып койгону оң. Анкени «сактыкта кордук жок» демекчи, көңүл тынч жүргөнгө эмне жетсин? Мындан арткан акчасын да аң-сезимдүү түрдө туура сарптай билүү зарыл. Эгерде пайдасыз жерлерге, ысырапкордукка сарпталып жатса, анда ата-энеси болсо да жөнөтпөй эле койгону оң.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

Кээ бир Европа өлкөлөрүнө мүнөздүү виза алуудагы катуу шарттар Түркияга келүүдө жок. Ошондуктан салыштырмалуу түрдө көбүнчө бара турган өлкөнүн тилин, маданиятын, жалпы шарттарын, документ иштерин жетиштүү билбеген кишилер келет. Өзгөчө Анталия сыяктуу туристтик шаардын беш жылдыздуу мейманканаларында жыргап жашап жүргөн туристтердин жылтыраган рекламаларын көрүп, тилекке каршы ошого ишенип келишет. Элетте жашаган, чоң шаарда жашап көнбөгөн кишилердин көбү рекламанын бул кайырмагына оңой эле илинип калат экен. Бирок ошол беш жылдыздуу мейманкананын алдындагы күлкүгө, каткырыкка, кубанычка толугу менен тескери пропорциялаш стресс, жүк, капачылык толгон мейманкананын тейлөө бөлүмү бар экенин; шарттар оор, маяна аз экенин билишпейт. Жумушка мейманкананын алды жагына эмес, арка жагына келишти туура баамдаш керек.

Бул абал жогорудагыдай маселелердин көп чыгышына түздөн-түз түрткү болот. Дал ошол себептүү жарандар келерден мурун мындай жагдайлар тууралуу жетиштүү маалыматка жана эркке ээ болгондо гана сапарга аттанышы абзел.

Бул комплекстүү маселени чечүүдө эң алгачкы кадамды кыргыз өкмөтүнөн күтөбүз. Убагы менен тийиштүү кадамдар ташталып, элдин жашоо шарты жакшырат деп үмүт кылабыз. Буюрса жок эле дегенде жүз миңдеген кишинин тагдырын чечип жатканын аңдаган, парасаттуу, бул маселеге кылдат караган, Кудайдын алдында да жооп берерин сезген кишилердин бийликте көбөйүшү менен бул кырды да ашып өтөрбүз. Дал ушундай оор мезгилде, б.а. мамлекет жетиштүү кам көрө албай жаткан учурда биз, жарандар да аң-сезимдүү, этият, зирек жана сарамжал болуп жашап турууга тийишпиз деп ойлойм.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу