Тюмендик кыргыздар спорттон мыкты ийгиликтерге жетип жатышат. Кудретали Жаанбаев бокс боюнча РФ курамасына кирди

Тюмендик кыргыздар спорттон мыкты ийгиликтерге жетип жатышат. Кудретали Жаанбаев бокс боюнча РФ курамасына кирди

Тюменде жашаган мекендештерибиз алдыда келе жаткан Улуу Жеңиш майрамын жакшы ийгиликтер менен белгилөөнү башташты. “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманованын кабарлаганына караганда, айрыкча спортчулар мыкты жетишкендиктерди көрсөтүп жатышат.

Бокс боюнча спорт чебери Умаров Нурлан агай машыктырган “Кыргызстан” бокс клубунун мүчөлөрү,  9-майдагы Улуу Ата мекендик согуш ардагерлерин эскерүүгө карата өткөрүлгөн бокс боюнча турнирге катышышты. Жаш боксчулар чоң ийгиликтерди жаратып, алардан өзгөчө Кудретали Жаанбаев Урал Федералдык округу боюнча РФ курама командасына кирди.

Ал эми кечээ өткөн турнирде Авазбеков Нуртилек 1-орунга, Өмүрзаков Абдыкадыр 1-орунга, Токтоматов Нурзаман 1-орунга, Кайыпкулов Байэл 1-орунга, Кайыпкулов Максат 2-орунга, Субанкулов Ахмат 2-орунга татыктуу болушту.

Диаспора жетекчиси Канзада Сманова  аларды мындайча куттуктады: “Машыктырган балдарын ушундай ийгиликтерге жеткирген Умаров Нурлан агайды жана алдыңкы орундарды багындырган жигиттерди чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Балдардын келечеги кең, ден-соолугу бекем, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан, мекенчил чыгаан уулдардан болуп өсүүлөрүн тилейм”.

Ал эми Нурлан Эшмаматовичтин Тюменде коомчулуктагы жаштарды тарбиялоодо, туура жол көрсөтүүдө, өсүп келе жаткан жеткинчектерди мекенди сүйүүгө, кыргыздын духун сактап жүрүүгө кошкон салымы өтө зор. 40-50дөй жаш жеткинчектер беш жаштан тарта Нурлан Эшмаматовичтен эң сонун тарбия алышууда. Кудай буйруса кыргыздан Мухамед Алидей атактуу боксчулар өсүп чыгаарына ишеним чоң.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<