Голландияда биринчи жолу “Өлбөс полк” жүрүшкө чыкты

Голландияда биринчи жолу “Өлбөс полк” жүрүшкө чыкты

5-майда Амстердам шаарында биринчи жолу “Өлбөс полк” жүрүшкө чыкты.

Жүрүштүн уюштуруучулары Союз.nl Иоланда де Круа менен кыргызстандык мекендешибиз Жаркынай Кошоева жана башка уюмдар болушту. “Өлбөс полкко” Кыргызстандан, Өзбекистандан, Казакстандан, Тувадан жана Россиядан мекендештер катышты.

Азыркы учурда Голландияда эки датаны белгилешет: 4-май Улуттук эскерүү күнү же эскерүү күнү жыл сайын өлкөдө кечки саат 20.00дө эки мүнөт (мурда бир мүнөт болчу) үн катпай туруу менен эскерилет. Ал эми улуттук салтанат Амстердамдын Дам аянтында өтөт. Бул иш-чара 1988-жылдан бери 4-5-майда Улуттук комитет тарабынан уюштурулуп келе жатат. Ошол эле учурда жүздөгөн жергиликтүү комитеттер жергиликтүү иш-чараларды да өткөрүшөт.

Алгачкы мындай жүрүштөргө адегенде экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон голландиялыктар гана эскерилип келген. Бирок 1961-жылдан тарта бул түшүнүк кеңейип, согуштарда курман болгон бардык голландиялыктар же экинчи дүйнөлүк согуш башталгандан бери каза болгондор, ошондой эле согуштук жана тынчтык орнотуу операцияларынын курмандыктары да кошулуп эскериле баштаган.

5-май Голландия фашизмден бошотулган күн. Ушул күнү ар кандай концерттер, фестивалдар  өткөрүлөт. Бул жолу алардын катарында Амстердамда өткөн “Өлбөс полк” жүрүшү болду. Ар түркүн улуттар кошулган чыныгы интернационалдык окуя болуп калды. Ырайымсыз согушка катышкан биздин аталар, чоң аталар унутулган жок. Аларга түбөлүк даңк!

Жүрүшкө катышкандар согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Уюштуруучулардын бири, мекендешибиз Жаркынай Кошоева чоң атасы Сулайман Кошоевдин жана анын кичүү иниси Садык Найманбаевдин сүрөттөрүн көтөрүп чыкты. Садык Найманбаев өз кезегинде советтик жоокерлер менен Берлинге чейин жеткен. Жеңишке жеткенден кийин ал Японияга жөнөтүлүп, ал жактан фашизмге каршы күрөшкөн элди коргоп согушка катышкан.

Голландиядан мындай кабарды бизге мекендешибиз Жаркынай Кошоева билдирди.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<