Санкт-Петербургда Улуу ата мекендик согушта курман болгон кыргызстандыктар эскерилди

Санкт-Петербургда Улуу ата мекендик согушта курман болгон кыргызстандыктар эскерилди

Улуу Ата мекендик согуш аяктап, Улуу Жеңиш келгенине быйыл 74 жыл толду.

Катарыбызда согуш ардагерлери азайып баратса да, алардын урпактары бул кандуу согуштун курмандыктарын жыл сайын эскеришет.

Бүгүн, 7-майда Россиянын Санкт-Петербург шаарында да кыргызстандыктар уюштурган ушундай иш-чара өткөрүлдү. Кыргызстандын Ош шаардык мэриясынын коргонуу, укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Турсунай Бабажановна Айтматова аты аталган шаарга атайын миссия менен барган. Анын атасы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу болуп, согуш жылдарында Ленингарддын алдындагы согушка катышкан. Турсунай Бабажановнаны Санкт-Петербург шаарынын губернатору атайын чакырган.

Ушул күнү Т. Айтматова жана Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Ленинград облусунун Синявинск бийиктигиндеги мемориалга жана даңк аллеясына барышып, согушта курман болгондорду эскеришти.

Эртең, 8-майда Пискаревск мемориалдык көрүстөнүнө да гүлчамбарларды коюшат. Буга кыргызстандык студенттер, диаспора мүчөлөрү да катышмакчы.

Андан кийин алар 9-май күнү шаардагы Невск проспектиси менен өтүүчү “Өлбөс полктун” жүрүшүнө да, андан соң парадга да катышат.

Бизге бул кабарды Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендешибиз, кыргыз диаспорасынын вице-президенти Сара Жапарова билдирди.

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<