Кыргызстандык режиссердун “Кош бол” аттуу тасмасы Германиядагы фестивалда сыйлыкка татыды

Кыргызстандык режиссердун “Кош бол” аттуу тасмасы Германиядагы фестивалда сыйлыкка татыды

Кыргызстандык жаш режиссер Караш Жанышовдун “Кош бол” аттуу кыска метраждуу тасмасы Германиядагы эл аралык кинофестивалда сыйлыкка татыды.

Кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы Оберхаузен шаарында (Германия) 1-6-май күндөрү болуп өткөн.

Анда калыстардын чечими менен “Кош бол” тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыган.

Белгилей кетсек, Оберхаузендеги кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы – ири фестивалдардын бири. Анын жеңүүчүсүнө “Оскар” сыйлыгына ат салышууга жол ачылат.

Буга чейин аталган тасма “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалында жеңүүчү болгон.

Булак Кабар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<