Биз сиздерге карыздарбыз, ардактуу ардагер аталар

Биз сиздерге карыздарбыз, ардактуу ардагер аталар

Кымбаттуу замандаштар, ардактуу Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери! Сиздерди Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз!

Улуу Ата мекендик согуштун жеңиш менен аяктаганына быйыл 74 жыл толду. Тилекке каршы убакыт алдында эч ким алсыз экен, ардагер аталар арабызда азайып бара жатат. Бирок улуу биримдикти, эр жүрөктүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн аталарыбыздын эрдиги эч качан эстен кетпейт.

Согуш башталганда Кыргызстандан 360 миңден ашык жоокерлер кан күйгөн майданга аттанышкан. Алардын көпчүлүгү туулуп өскөн жерине кайтпай калышкан. Согуш учурунда Кыргызстандан 72 адам өзгөчө эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан. Алардын катарында Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Ашырбай Коенкөзов, Калыйнур Үсөнбеков, Дайыр Асанов, Анварбек Чортеков, Иван Панфилов, Иван Москаленко жана башка эрдиги өлбөс-өчпөс болуп калган аталарыбыз болушкан.

Айрыкча Чолпонбай Түлөбердиевдин 1942-жылдын августунда дзотту өз денеси менен жаап, мурда болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөнү эч кимибиздин эсибизден кетпейт. Бул эрдик бааланганы менен 1943-жылы февралда ушундай эрдик жасаган Александр Матросовдун эрдигинин артында калып келген. Убакыт гана бардык окуяны ордуна коюп, Чолпонбай Түлөбердиев бул эрдикти биринчи жасаганы жалпы коомчулукка белгилүү болду.

Ардактуу ардагер аталар! Азыркы биздин тынч, бакубат жашообуздун бирден-бир себепчиси силерсиңер. Биз сиздердин алдыңыздарда карыздарбыз. Баарыңыздарга бекем ден соолук, бейпил жашоо каалайбыз! Асманыбыз дайым ачык болсун!

“Замандаш” ассоциациясынын жетекчилиги

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<