Борбор Азиядан экинчи дүйнөлүк согушка катышкан 101 туткун-жоокердин сөөгү Голландияда жатат

Борбор Азиядан экинчи дүйнөлүк согушка катышкан 101 туткун-жоокердин сөөгү Голландияда жатат

9-майда Голландиядагы экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорго расмий гүл коюу зыяпатына Кыргызстан да катышты.

Нидерландынын Амерсфорт шаарындагы Советтик Даңк Талаасында Советтер Союзунан экинчи дүйнөлүк согуштагы 865 курмандыгынын сөөгү көмүлгөн. Ар жылы 9-майда Гаагадагы Россия Федерациясынын элчилиги “Советтик Даңк Талаасы фонду” менен биргеликте фашизмге каршы согушта курман болгон советтик жана Европанын жоокерлеринин мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюшат.

1941-жылы сентябрда Амерсфорт шаарындагы темир жол станциясынын малды түшүрүүчү жерине Борбордук Азиядан – Кыргызстандан, Өзбекистандан, Казакстандан согушка чакырылып, бирок колго түшүрүлгөн 101 туткун жеткирилген. Жоокерлер немистер СССРге кол салгандан кийин Чыгыш фронтунан туткунга алынган. Советтик Даңк Талаасында Кыргызстандын Ош облусунан согушка чакырылган Яков Мамаджиев (Мамаджаев болушу да ыктымал) көмүлгөн.

Амерсфорт лагериндеги туткундарга учурунда абдан начар мамиле жасашкан, аларды “орустар” деп аташчу. Алты айдын ичинде алардын 24 ачарчылыктан, оорудан, ырайымсыз мамиледен улам курман болушкан. Лагердин дарыгери өзүнүн иш кабинетинде эки баш сөөктү экзотикалык экспонат катары коюп алган.

1942-жылдын 9-апрелинде 77 туткун атылып өлтүрүлгөн. Бул экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Нидерландыдагы адамдарды бирден-бир массалык атып өлтүрүү болгон. Кийинчерээк, алар өлгөн жерге Кудрис эстелиги орнотулуп, 2012-жылдан тарта бул жерде “Советтик Даңк Талаасы фонду” жыл сайын эскерүүлөрдү уюштуруп келет.

Быйылкы жылы да мындай эскерүүлөргө чет өлкөлүк дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү, ар түрдүү меймандар, голландиялык маданият өкүлдөрү, Россиянын, Казакстандын, Армениянын жана башка өлкөлөрдүн элчилери катышты.

Кыргызстандын атынан  Нидерланды королдугундагы Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын расмий өкүлү Жаркынай Кошоева катышты. Чогулгандардын бардыгы жер жүзүндөгү тынчтык үчүн экинчи дүйнөлүк согушта өз өмүрүн берген жоокерлердин жайына гүлчамбарларды коюшуп эскеришти.

Бизге бул кабарды мекендешибиз Жаркынай Кошоева билдирди.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<