Тюмендеги мекендештердин аялдар кеңеши түзүлдү

Тюмендеги мекендештердин аялдар кеңеши түзүлдү

Кечээ, 11-майда Россиянын Тюмень шаарында жашаган кыргызстандык мекендештер ынтымак кеңешке анан ооз ачаарга чогулушту. Бул иш-чараны Тюмендеги “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова уюштурду.

Негизги максат – Тюменде иштеп жатышкан Кыргызстандын жети дубанынан барган кыз-келиндердин башын кошуп аялдар уюмун түзүү эле. Анда жаштарды билим алууга үндөө, миграциядагы кыз-келиндердин маселелерин чечүү жана башка толуп жаткан социалдык көйгөйлөрдүн жолун биргелешип табуу.

Канзада Сманованын айтымында, буга чейин апрелде биринчи жыйын болгон. Эми аялдар кеңеши чындап түзүлүп, ал уюм иштей тургандай болот. Орозо күнү ата-бабанын арбагына багыштап эки кой союлуп, дасторкон жайылып, ынтымак кеңешке жүздөн ашык адам катышып, бардыгы ичиндеги бугун чыгарып, көйгөйлөрүн ачык айтып алышты.

Айрыкча мигрант аял-эне, мигрант-кыз, мигрант-баланын орду, көңүлдү ооруткан маселелери көп айтылды. Бөтөнчө бузулган аялдар, башка эркектерден, жумуш берүүчүлөр тараптан зордук-зомбулукка дуушар болгон кыз-келиндердин, уруулук жасагандардын, каралбай калган балдардын, өз балдарына зордук-зомбулук жасагандар, балдарды төрөп таштап салгандар, ар кандай кырсыкка кабылгандардын көйгөйлөрү тууралуу ачык кеп жүрдү. Мындан тышкары пол жууп иштеген аялдардын (уборщица-техничка) жумуштарынын оордугунан улам алардын ден соолуктарынын начарлап бара жатканына өзгөчө көңүл бурулду. Алар үчүн башка мисалы, кассирлик ишке орношуу үчүн курстарды уюштуруу, жогорку окуу жайларына окууну каалаган жаштарга ар тараптан жардам берүү тууралуу аябай кеңири талкуулар болду. Жок дегенде кесипчилик боюнча орто окуу жайлардан жаштардын билим алуусуна шарт түзүп, андан ары аларды ишке мыйзамдуу орноштуруу иштери боюнча Канзада Сманова атайын кайрылды.

Мындан ары жети дубандын аялдары өздөрүнүн кыз-келиндерин бардык жактан көзөмөлгө ала тургандыгы да макулдашылды. Аксакалдар кеңеши, орто жаштагылардын кеңеши да буларга жардам бермек болушту.

Миграция маселелери боюнча да суроо-жооптор болду. Бияктагы балдарды Кыргызстандагы жайкы лагерлерге жөнөтүү тууралуу да көп ой-пикирлер ортого салынды.

Аялдар кеңешинин бир жылдык иш-планы кабыл алынып, мындан ары дагы бир жылдык иштерге активдүү катышуу тууралуу айтылды. Жекшембилик мектептерди ачып, анда кыргыз тилин, каада-салт, үрп-адатын жаш жеткинчектерге таанытуу да четте калбады.

Жыйынтыгында Кыргызстандын он эки аймагынын аялдарынан турган кеңеш түзүлдү. Анын ичинен аялдар комитетттери да түзүлүп, ар бири өзүнө тиешелүү тармак боюнча иш алып бармак болушту.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу