Кыргызстандык Алмаматов АКШдагы жиу-житсу турниринде чемпион болду

Кыргызстандык Алмаматов АКШдагы жиу-житсу турниринде чемпион болду

Билимбек Алмаматов 77 килограмм салмакта кимоносу жоктор (No Gi) арасында күч сынашып, жергиликтүү спортчуларды жеңген.

 Кыргызстандык спортчу Билимбек Алмаматов Чикаго шаарында өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде чемпиондук курга ээ болду. Маалымат менен спортчу Instagram баракчасы аркылуу бөлүшкөн.

Мелдешти америкалык NAGA (North American grappling Association) спорттук уюму уюштурган. Анда Билимбек Алмаматов 77 килограмм салмакта кимоносу жоктор (No Gi) арасында күч сынашып, жергиликтүү спортчуларды жеңген. Натыйжада ага NAGA чемпиондук куру берилген.

Ошондой эле Алмаматов Лас-Вегас шаарында өтө турчу жиу-житсунун бразилиялык түрү боюнча дүйнө чемпионатына даярданып жатканы кошумчаланды. Ал жиу-житсу боюнча мелдештерде 18 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медаль алган.

Булак Спутник

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<