Акыйкатчы кыргызстандык мигранттардын таламын талашууда

Акыйкатчы кыргызстандык мигранттардын таламын талашууда

Татарстандын борбору Казан шаарында 15-16-май күндөрү жарандардын эмгек укуктарын коргоо маселеси боюнча координациялык кеңештин отуруму өтүп жатат. Отурумга Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов да катышууда. Ал жыйында кыргызстандык мигранттардын маселесин көтөрмөкчү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы мекемесинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ал мындан тышкары Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова, Якутиянын акыйкатчысы Сардана Гурьева менен мигранттардын учурдагы абалы жана мындан ары эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү маселелерди, соттолуп, Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын, Балдар борборлорунда тарбияланып жаткан жашы жетпеген балдардын маселесин да талкуулайт.

Акыйкатчыкыргызстандык мигранттардын эмгек акысын төлөөнүн кечеңдеп жаткан учурлар менен кошо башка да маселелерди сүйлөшүп, Орусиянын бардык облустарындагы адам укугун коргоочу өкүлдөр менен кызматташуу жаатында пикир алышат.

Буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Орусиянын кыргыз мигранттар арбын иштеген аймактарына ыйгарым укуктагы өкүлдөрүн дайындаган.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<