Кытай түрмөсүнөн эки кыргызстандык алып келинди

Кытай түрмөсүнөн эки кыргызстандык алып келинди

Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылгандай, 15-май күнү Кытайдан ал жактагы абакта узак убакыттан бери отурган эки кыргызстандык жаран Бишкекке алынып келинди.

Аларды Кытайдын жаза аткаруу кызматы 14-май күнү Үрүмчү шаарында Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматкерлеринин колуна өткөрүп берген.

Маалыматта алардын Кытайда абакка кандай жол менен түшүп калганы тууралуу айтылган эмес.

Кыргызстандык жарандарды которуу келишими Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын жана Бээжиндеги элчиликтин Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашырылган. Жакынкы күндөрү дагы бир кыргызстандык жаранды которуу пландалган.

Ушу тапта Кытайдын түрмөлөрүндө кыргызстандык 17 жаран кармалып турат.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<