Москвада бейтапканага кызын таштап кеткен аял изделүүдө

Москва шаарында бейтапканага кызын таштап кеткен аял изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:02де полицияга медициналык жайдын ичине белгисиз аял “баласын таштап, изин жашырып кетти” деген маалымат келип түшкөн.

“Болжол менен 2-3 жаштагы кыз учурда дарыгерлердин карамагында болууда. Учурда полиция кызматкерлери кыздын энесинин аты-жөнүн жана эмне себептен улам мындай кадамга барганын аныктоо максатында тиешелүү аракеттерди көрүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Булак Super.kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<