АКШда 4 күн бою токойдо жалгыз жүргөн 1 жарым жашар бала табылды

АКШда 4 күн бою токойдо жалгыз жүргөн 1 жарым жашар бала табылды

АКШда 4 күн бою токойдо жалгыз жүргөн 1 жарым жашар бала табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 1 жаш 6 айлык Кеннет Ховард12-май күнү жоголгон. Куткаруучулар бригадасы 4 күн бою тик учак жана иттердин жардамы менен жакын жайгашкан токойдон издөө иштерин жүргүзүшүп, 15-май күнү үйүнөн 1 жарым чакырым алыстыктан баланы табышкан.

Ховардды дароо тик учак менен ооруканага жеткиришкен. Учурда ал аймактык ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Абалы жакшы, анын өмүрүндө эч кандай коркунуч жок.

Бала жоголгондо атасы аны уурдап кетишти деп ойлогон. Бирок төрт күн өткөндөн кийин Кеннет Ховард аман-эсен табылды. Ал кантип токойдо жалгыз жүрүп, бирок аман калганы таң калычтуу окуя болду“, – деп билдирген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бири.

Булак Super.kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<