Орусиянын Ленинград облусунда Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Өлүм алдында аны электр зымдары менен байлап коюшкан. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Мигранттын сөөгү турак-жай курулуш аянтында жумуш учурунда 16-май күнү саат 11:30 чамасында табылган.
Эксперттер анын баш сөөгү сынып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Ошондой эле анын буттары электр зымдары менен байланганы белгилүү болгон. Маркум 1990-жылы туулган Кыргыз жараны экени такталган. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.