Чыңгыз Айтматов Нур-Султанда дагы бир жолу даңазаланды

Чыңгыз Айтматов Нур-Султанда дагы бир жолу даңазаланды

Жакында “Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмеси, Казакстан элдеринин Нур-Султан шаарындагы Ассамблеясы чоң масштабдагы маданий, агартуучулук багытындагы иш-чара өткөрдү.

Нур-Султан шаарында “Тоолор менен талаалардын кездешүүсү” деп аталган айтматовдук окуулар өтүп, анын максаты – жаштардын чыгармачылыгын алдыга сүрөө, аларга жардам берүү болду. Бул иш-чара башталган алгачкы күнү жогоркудай аталыштагы көргөзмө ачылып жана тегерек үстөл өткөрүлдү. Андан соң “Чыңгыз Айтматов. Эпоха. Инсан. Гуманизм” темасы боюнча мурда жарыяланган эсселер конкурсунун жеңүүчүлөрүн жана жаш манасчыларды сыйлоо болду.

Ошондой эле Нур-Султан шаарынын университеттеринде, колледждеринде жазуучулардын, акындардын жана сүрөтчүлөрдүн чыгармаларынын бетачаарлары да өткөрүлүп, шаардагы №79-мектеп лицейде Чыңгыз Айтматовдун музейинин ачылышы да ушул салтанаттуу иш-чарага туш келди.

Андан кийин атагы ааламга кеткен жазуучунун чыгармасы боюнча коюлган “Кызыл орамалды шынарым” аттуу спектакль эч кимди кайдыгер калтырган жок.

Бул маданий иш-чарага катышкандардын географиясы Казакстандан тарта Кыргызстанды, Россияны, Өзбекистанды, Англияны, Францияны, Арменияны, Украинаны камтыды. Нур-Султан шаарында жайгашкан мамлекеттердин элчилеринин, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн катышуусу иш-чаранын тематикасына болгон өзгөчө кызыгууну жаратты.

Ошондой эле улуу жазуучунун биртууганы Розетта Айтматованын жана жалгыз манасчы-казак Баянгали Алимжановдун катышкандыгы өзгөчө жылуулукту, сезимталдыкты жаратып турду.

Бул иш-чаранын катышуучуларына салам дубайларын жана Ч. Айтматов музейине белектерин Казакстандагы КР элчилиги, Казакстандын БУУдагы өкүлчүлүгү, КР Жогорку Кеңеши жана Өкмөт башчысы, ТүркСОЙ эл аралык уюмунун Дуйсен Касейинов башында турган жетекчилиги, “Замандаш” ассоциациясы, International Turkic Academy, Кыргызстандын илимдер академиясы тапшырышты. Ал эми Евразиялык чыгармачыл Гильдиянын (Eurasian Creative Guild) вице-төрагасы Марат Ахмеджанов видеокайрылуу жасады.

Бул иш-чараны өткөрүүнү баштан аяк уюштурган “Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов бардык катышуучуларга, меймандарга, өнөктөштөргө жана волонтерлорго ыраазычылыгын билдирди. Биргелешкен эмгектин арты менен бардык өлкөлөр үчүн зор мааниси бар ушундай маданий иш-чара мыкты өттү.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу