Нур-Султандагы Чыңгыз Айтматов барган мектепте

Нур-Султандагы Чыңгыз Айтматов барган мектепте

Мындан бир топ жыл мурда агездеги Астана шаарында кыргызстандык мигранттардын балдары үчүн атайын мектеп ачылып, кыргыз тилин үйрөтүү, окутуу багытында иштей баштаган.

Убагында бул мектепке улуу гуманист жазуучу, атагы ааламга кеткен жердешибиз Чыңгыз Айтматов да барып, кыргыз тилин окутуп жаткан мектептин ишине өз баасын берген эле.

Нур-Султан шаарындагы “Кут билим” деп аталган этнолингвистикалык мектепте окуу жылы быйыл жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады. Себеби бул мектептин окуучулары – жаш манасчылар Нур-Султан шаарында өткөрүлгөн “Тоолор менен талаалардын кездешүүсү” деп аталган маданий иш-чарага катышкан.

Жаш манасчылар өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө, меймандарга тартуулашып, иш-чаранын жыйынтыгында  баалуу белектерге, дипломдорго татыктуу болушту.

Бизге мындай жагымдуу кабарды “Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмесинин жетекчиси Шавкат Исмаилов билдирди.

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<