Тажик бийлиги абактагы тополоңдо 32 киши өлгөнүн ырастады

Тажик бийлиги абактагы тополоңдо 32 киши өлгөнүн ырастады

Тажикстандын Юстиция министрлиги 19-майдын кечинде Вахдат шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңдо 32 кишинин өмүрү кыйылганын ырастады. Алардын 29у абакта жазасын өтөп жаткандар, үчөө түрмө кызматкерлери.

Министрликтин 20-майдагы билдирүүсүндө айтылгандай, Вахдат түрмөсүндөгү тополоңго абакта кармалган 30дай кишинин үч түрмө сакчысынын өлтүрүп салганы себеп болгон. Тополоң чыгаргандардын колунда бычак сыяктуу учтуу, курч куралдар болгон. Алар түрмөнүн медициналык бөлүмүн өрттөп, камакта отургандардын арасынан бир нече кишини барымтага алып, өздөрүн бошотууну талап кылышкан.

Тажик бийлиги тополоңду уюштургандардын арасында 2015-жылы Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кеткен тажик милициясынын атайын бөлүгүнүн мурдагы командири Гулмурод Халимовдунуулу Бехруз Гулмурод да бар экенин билдирүүдө.

Юстиция министрлиги баш калаа Дүйшөмбү шаарынан чыгышты көздөй 15 чакырым алыстыкта жайгашкан түрмөдөгү тополоңго байланыштуу абактагы 35 киши колго түшүрүлгөнүн, учурда иликтөө жүрүп жатканын маалымдады. Бирок тажик оппозициясына таандык айрым веб-сайттар тополоң маалында бийлик айткандан да көп киши каза тапканын жазып жатышат.

Былтыр ноябрь айында Хожент шаарындагы катуу кайтаруудагы колонияда да тополоң чыгып, андан абактагы 21 киши жана эки түрмө сакчысы каза тапкан.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<