Тюмендеги кыргыздар – мыкты спортчулар

Тюмендеги кыргыздар – мыкты спортчулар

Улуу Жеңиш майрамына арналып өтүп жаткан иш-чаралардын аягы тыйыла элек.

Айрыкча Россияда патриоттук, спорттук маанайдагы көп иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Мына ушундай Улуу Жеңиш майрамына арналган спорттук турнир 16-19-май күндөрү Уфа шаарында болуп өттү.

Бул турнирди Россия Федерациясынын бел боо күрөшү (борьба на поясах) боюнча федерациясы өткөрдү. Ага Тюмень шаарындагы “Алыш” спорт клубунун өкүлдөрү да катышты. Клубдун улук машыктыруучусу Исаков Ниязбек 90 кг. салмакта биринчи орунду, Эргешбаев Мамат 82 кг. салмакта үчүнчү орунду, ал эми Жуманалиев Замирбек 90 кг. салмакта үчүнчү орунду жеңип, биздин мекендештерибиз байгелүү кайтышты.

Тюмень шаарындагы “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова: “Россиянын Тюмень шаарында жашаган кыргызстандык мекендештер үчүн бул зор жетишкендик. Исаков Ниязбек бел боо күрөшү боюнча Россия Федерациясынын спорт чебери наамына да татыктуу болгондугу абдан кубанычтуу! Тюменде жашаган кыргыздын баатыр жигиттерине кажыбас кайрат, бекем ден соолук, мындан дагы албан ийгиликтерди багындырышына тилектеш экендигибизди билдиребиз!” деп жеңүүчү жигиттерди куттуктады.

Биз дагы алыста жүрүшсө да кыргыз элинин атак-даңкын чыгарып жатышкан мекендештерди спорттогу ийгиликтери менен чын ниеттен куттуктайбыз.

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<