Тюмендик кыргыздар эми миграция маселелерин да ыкчам чече башташат

Тюмендик кыргыздар эми миграция маселелерин да ыкчам чече башташат

Миграция ар дайым олуттуу мамилени талап кылган маселе.

18-майда Россиянын Тюмень облустук улуттук-маданий бирикмелеринин координациялык кеңешинин эмгек миграциясы боюнча комиссиясынын мүчөлөрү, ФГУП “Паспорттук-визалык сервис” же башкача айтканда Миграциялык борбордо көчмө жыйын өткөрүштү. Комиссия төрагасы кыргыз, казак, тажик, өзбек диаспораларынын жетекчилерин чогултуп, алар менен бирге миңдеген мигранттардын жолу баштала турган жерде миграция маселелерин талкуулады.

Натыйжада кийинки жумадан тарта бул борбордо коомдук кабылдама ачылып, күндө саат 14.00дөн 16.00гө чейин мигранттарды кабыл ал турган болушту. Себеби мигранттардын жумушка орношуусу, укуктук коллизиялар боюнча, турмуш-тиричиликке байланыштуу толуп жаткан көйгөйлөрү бар.

Тюмендеги “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова да бул жыйынга катышты. Кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова жума сайын шаршемби күндөрү саат 14.00дөн 16.00гө чейин кыргызстандык мигранттарды кабыл ала турган болду. Кабыл ала турган дареги: Октябрдын 50 жылдыгы көчөсү 200, квартира 1. Канзада Сманованын whatsApp номери: 89634518900.

Урматтуу Тюменде жашаган мекендештер, бардык маселелер боюнча Канзада Смановага ушундай дарек жана телефон номуру менен кайрылып туруңуздар.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<