ЭЛДИК КАБАР: “Казакстанда соода-сатык менен алектенген 54 Кыргыз жараны депортацияланды” дейт окурман

ЭЛДИК КАБАР: “Казакстанда соода-сатык менен алектенген 54 Кыргыз жараны депортацияланды” дейт окурман

Казакстандын Чымкент шаарында жайгашкан базарда соода-сатык менен алектенген 54 кыргыз жараны депортацияланды. Бул тууралуу Соңку кабардын “Элдик кабар” рубрикасына байланышкан окурман билдирди.

Анын айтымында, депортацияланган жарандарга 25-майга чейин өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлган.

“3 күн мурда рейд жүрүп Чымкенттеги “Авантур” базарында эмгектенип жүргөн 54 Кыргыз жаранынын паспортторун полиция кызматкерлери алып коюшкан. Бүгүн, 20-майда “мыйзамсыз соода-сатык жүргүздү” деген шылтоо менен сот баарыбызды депортациялоо чечимин чыгарды. Паспортторубузду кайтарып берип, 25-майга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирди. Негизи баарыбыздын документтерибиз жайында болчу. Убагы менен чек арадан чыгып турабыз. Кыргыз өкмөтү тарабынан биздин жагдайга көңүл бурулуп, кайрадан жумушубузду улантууга жардам беришсе жакшы болот эле“, – деди окурман.

Булак Super.kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<