Эми Түркияда мурдагыдай 100 эмес, 150 кыргызстандык акысыз дарыланмакчы

Эми Түркияда мурдагыдай 100 эмес, 150 кыргызстандык акысыз дарыланмакчы

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2019-жылдын 20-майында Женева шаарында Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 72-сессиясы болуп өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри К.Чолпонбаев жана Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ф.Коджа да катышты. Эки өлкөнүн министрлери 2014-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган Саламаттык сактоо жана медицина илимдери чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга карата кошумча протоколго кол коюшту.

Женевада кол коюлган протоколго ылайык, түрк тарабы, мындан ары Түркиянын медицина мекемелеринде жыл сайын акысыз дарылануучу Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын 100дөн 150гө чейин көбөйтүү боюнча милдеттенмени кабыл алды.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<