Кыргызстанда адам сабагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды

Кыргызстанда адам сабагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды

Россиянын борборунда милиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстанда адам сабагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 19 жаштагы кыргызстандык жаран Москвадан кармалды.

Маалыматка ылайык, КР ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгү аймактык укук-коргоо органдары тарабынан кармалган жаран Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 2017-жылдын август айында 19 жаштагы М.А., аттуу жаран достору менен чогуу өздөрү менен тең жаранды сабап кетишкен. Андан кийин ал 2 жылдай Москва шаарында жашырынып жүргөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

“Жоопко тартуу үчүн аны мекенине жиберүү боюнча маселе аягына чейин иштелип чыккан”, – деп айтылат маалыматта.

Булак Кабар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<