Италиядагы жол кырсыгынан тогуз казак жараны жаракат алды

Италиядагы жол кырсыгынан тогуз казак жараны жаракат алды

Италиядагы жол кырсыгынан тогуз казак жараны жаракат алып, бешөөсү ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

«Жаракат алган казак жарандарынын омуртканалары, акыректери жана кабыргалары сынып, денелери көгөргөн. Алар менен казакстандык дипломаттар жолугуп, зарыл болгон жардамдарды берип жатышат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жол кырсыгы 22-майда Италиянын Тоскана аймагында болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, Сиена-Флоренция магистралында бараткан эки кабаттуу туристтик автобус жолдон чыгып, жарга кулап кеткен.

Шаршембиде Орусиянын Италиядагы элчилиги Тоскандагы кырсыктан өлкөнүн бир жараны каза болуп, 19у ооруканага жаткырылганын билдирди. Мындан тышкары жаракат алгандардын арасында эки армян жараны бар экени кабарланууда.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги өз булактарына таянып, каза болгон орус жараны гид болуп иштегенин билдирди.

Булак Кабар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу