Стамбулда мекендештер үчүн ооз ачуу уюштурулду

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2019-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу жана “Кыргызстан Достук жана Маданият” коому менен биргеликте Стамбул шаарында Ыйык Рамазан айына карата майрамдык ооз ачуу уюштурулду.

Иш-чара башкы консул Э.Сопоковдун мекендештерибизге тынчтык жана ийгилик каалаган куттуктоо сөзү менен башталды. Кече биргеликте тамактануу, андан соң  элдик ырчылардын коштоосу менен улантылды. Иш чара майрамдык маанайда өткөрүлүп, 300дөн ашык мекендештерибиз катышты.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<