Түштүк Кореядагы фестивалга кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты

Түштүк Кореядагы фестивалга кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2019-жылдын 19-майында Ансан шаарында (Түштүк Корея) «The 12th Together Day» аттуу мультимаданий фестиваль болуп өттү.

Фестивалдын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын, Кытайдын, Индонезиянын, Шри-Ланканын, Өзбекстандын элчиликтеринин жана диаспоранын өкүлдөрү ж.б. катышты.

Кыргызстандын Элчиси Динара Кемелова Кореяда аккредиттелген дипкорпустун атынан куттуктоо сөзү менен чыкты. Элчи өз сөзүндө корея жана кыргыз элинин тарыхый жактан окшоштугун белгилеп жана Европа менен Азиянын кесилишинде жайгашкан тоолуу Кыргызстандын кооз табияты жана  туристтик дарамети тууралуу айтып берди. Ошондой эле Кыргызстандын элчиси Ансан шаарынын бийлигине чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде бул мультимаданий шаарда жашаган Кыргызстандын жарандарына жагымдуу шарттарды түзүп бергендигине ыраазычылык билдирди.

Фестивалда ар кандай мамлекеттердин, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн павильондору көрсөтүлдү. Чонг Ёнг Кван мырза башында турган кореялык активисттер Кыргызстандын туристтик дараметин, ошондой эле маданиятын даңазалады жана катышуучаларга өз колу менен кыргыз калпагын жасап көрүүнү сунуштады. Элчилик Кыргызстанды даңазалоону уюштурууга жигердүү катышкан кореялык волонтерлорго  ыраазычылык билдирет.

Маалымат үчүн:

Ансан шаары Кёнгидо провинциясында Сеул шаарынан түштүгүрөөк жайгашкан. 700,000 миңге жакын калкы менен Ансан шаарында 20 миң ишкана иштейт. Жергиликтүү органдардын маалыматы боюнча Ансан шаарында 330дан ашык Кыргызстандын жараны жашайт.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<