Тажикстандыктар үч айда паспортун алмаштырбаса, сим-картасыз калышат

Тажикстандыктар үч айда паспортун алмаштырбаса, сим-картасыз калышат

Тажикстандыктар паспортторун 2014-жылы чыкккан ID-паспортторго үч ай аралыгында, 1-августка чейин алмаштырышы керек. Эгер бул мөөнөттө үлгүрбөй калышса, алардын сим-карталары иштебей калат. Бул маселе тажик парламентинин төмөнкү палатасында кызуу талкуу жаратты.

Межлис төрагасынын орун басары Абдужаббор Азизи мөөнөт өтө кыска экенин, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтты.

1996-жылкы үлгүдөгү паспорту барлар, документтерин 1-августка чейин алмаштырбаса, телефондору менен колдоно албай калышат, алардын сим-карталары жарактан чыгат.

Мындан тышкары мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, сим-карталарды башкаларга берүүгө тыюу салынат.

Учурда калктын үчтөн бир бөлүгү – 3 миллиондой жаран паспортторун алмаштыра элек. Буга байланыштуу депутаттар паспортторду алмаштыруу мөөнөтүн узартууну сунушташууда.

Бул арада ички иштер министринин орун басары Икром Умарзода министрлик бир айда 50 миңге чейин гана паспорт алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгиледи.

Сим-карталарды кайра каттоо маселеси былтыртадан бери талаш жаратууда. Бийлик бул кадамга коопсуздук жагдайларынан улам барып жатканын билдирсе, ага каршы тарап өкмөт бюджетти толтуруунун жаңы булактарын ойлоп табууда деген пикирде.

Булак Кабар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<