18 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргыз курама командасы Орусияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

18 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргыз курама командасы Орусияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

18 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргыз курама командасы Орусияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ФИФАнын мурдагы вице-президенти Валентин Гранаткиндин жаркын элесине арналган мелдешке жалпы 12 курама команда катышат.

Санкт-Петербург шаарында өтө турган мелдеш 4-июндан 14-июнга чейин уланат. Ага Аргентина, Болгария, Гвинея, Греция, Индия, Иран, Кыргыз Республикасы, Молдова, Польша, Түркия жана Орусиянын 2 командасы катышат.

18 жашка чейинки футболчулардан куралган командалар 3 тайпага бөлүнүп өз ара беттеш өткөрүшөт. Жыйынтыгында тайпадан 1-2-орунду алган эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон командалар мелдештин жарым финалына аттанышат“, – деп айтылат маалыматта.

Тайпалардын курамы:

А – тайпасы: Болгария, Молдова, Орусия, Индия;

B – тайпасы: Түркия, Иран, Аргентина, Греция;

С – тайпасы: Гвинея, Кыргыз Республикасы, Орусия-2, Польша.

Булак Super.kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<