Москва шаарында «Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форуму өттү

Москва шаарында «Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форуму өттү

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 2019-жылдын 20-майында Москва шаарында  «Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форуму өттү.

Иш-чарага 300гө жакын адам катышты. Алардын арасында Кыргызстандын бир нече аймактарынын жетекчилери, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы, Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлдөрү А.Осмоналиев, У.Жылкыбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Жалал-Абад   облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары М. Акматов, ошондой эле «Кыргызтуризм»  мамлекеттик ишканасынын директору Д.Казаков жана Кыргыз Республикасынын инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин өкүлү болушту.

Иш-чара элчиликтин көмөгү менен, Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдары – “Ысык-Көл ынтымагы”, “Ордолуу Ош”, “Нарын-Теңир Тоо”, “Баткен-Биримдиги”, “Жалал-Абад коому”, “Сары-Өзөн Чүй” жана “Талас Биримдиги” коомдук бирикмелер тарабынан уюштурулду.

Форумдун максаты Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, инвестициялык долбоорлорду  сунуштоо, ошондой эле Россия рыногунда кыргыз продукциясын илгерилетүү болду.

Иш-чарада Россия тарабынан россиялык туриндустрия союзунун президенти С.Шпилько,  КМШ өлкөлөрүнүн Экономикалык өнүгүү боюнча Ишкердик борборунун жетекчиси А.Павлова, Ростуризм, Россиянын туристтик операторлор ассоциациясынын жана туристтик агенттиктеринин жана компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Россиянын аймактарынан  Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Р.Мухаметшин, Алтай Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары И.Лозовая, Тюмень облусунун губернаторунун орун басары Э.Бакиев, ошондой эле Алтай крайынын, Омск, Иркутск, Свердлов, Новосибирск, Самара облустарынын жана Ханты-Мансийск округунун өкүлдөрү ардактуу конок болушту.

Туристтик форумда КРнын аймактарынын туристтик потенциалы сунушталып, Кыргызстандын туристтик тармагынын актуалдуу маселелери талкууланды, өлкөнүн экспорттук потенциалын илгерилетүү боюнча пикир алмашуулар болду. Мындан сырткары, форумдун алкагында жети облустун өкүлдөрү тарабынан даярдалган азык-түлүк, улуттук буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча форумдун катышуучуларынын кайрылуусу кабыл алынды.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<