Түркияда кыргызстандык келин жол кырсыгында каза болду

Түркияда кыргызстандык келин жол кырсыгында каза болду

Кырсык 22-майда Түркиянын баш калаасы Анкарада болгон. Кыргызстандык Г. К. аттуу келинди катуу ылдамдыкта келе жаткан машине сүзүп кеткен. Окуя боюнча маалыматты Анкарадагы элчиликтин консулу Чыңгыз Абдуракманов тастыктады:

– Кыргызстандык келин жолдон өтүп бараткан жеринен машине коюп кеткен экен. Ал өзү жол эрежесин сактабаганы айтылып жатат. Учурда окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз.

Кыргызстандык келин окуя болгон жерде каза тапкан. Мaркум Анкара шаарында эмгек мигранты болуп жүргөнү айтылууда. Кырсык боюнча Анкара шаардык прокуратурасы тергөө ишин баштады.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.

2018-жылы Түркиядан Кыргызстанга 15тей «Жүк 200» жөнөтүлгөн. Бул сан мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп. Негизинен мигрант кыз-келиндер саламаттыгынын начарлыгынан каза болгон. Баарына кайыл болуп өз жанын кыйгандар да бар.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<