Чита шаарындагы кыргызстандыктар шаар күнү майрамына катышты

Чита шаарындагы кыргызстандыктар шаар күнү майрамына катышты

Чита шаарындагы кыргызстандыктар шаар күнүн майрамдашты.

Май айынын акыркы дем алыш күнү Россиянын Чита шаарынын 166 жылдык шаар күнү майрамы белгиленди. Чита шаары Чита дарыясынын боюнда жайгашкан, Забайкал крайы менен Чита районунун административдик борбору болуп эсептелет.

Шаардын тарыхы абдан бай, убагында көптөгөн тарыхый окуяларды баштан кечирген.

25-26-май күндөрү Чита шаарынын 366 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди. Забайкал крайынын шаарларынын ассамблеясына кирген элдердин ар бири өз жамааты менен шаңдуу жүрүшкө чыгышты. Алардын катарында кыргызстандык диаспоранын мүчөлөрү да болушту. Жалпы Забайкал крайы боюнча кыргызстандык мигранттардын саны он миңге жакындап барат.

Салтанаттуу жүрүштөн соң, ар бир калк өз ашканасы боюнча кенен дасторкон жайып, шаардыктарга, меймандарга улуттук тамак-аштын түрлөрүн тартуулашты. Ар бир калктын улуттук оюн-зооктору да кеңири программада көрсөтүлдү. Шаардын чыгармачыл топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Бизге мындай жагымдуу жаңылыкты Забайкал крайындагы кыргыз диаспорасынын башчысы, Забайкал крайынын элдеринин ассамблеясынын президиум мүчөсү Медетбек Аскебаевич Карабаев билдирди. Медетбек Аскебаевич убагында Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин экономика факультетин артыкчылык менен бүтүргөн.

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<