Читада эмгектенип, мал кармап, улак тарткан кыргызстандык мекендештер

Читада эмгектенип, мал кармап, улак тарткан кыргызстандык мекендештер

Чита шаары ушу жумада 366 жылдык мааракесин белгиледи. Байкал крайынын жана Чита шаарынын аба ырайы кескин континенталдуу, кышы ызгаардуу жана узарып, 4-6 чейин уланып кетет. Ал эми жайы абдан ысык келип, болгону 2-2,5 айга гана созулат.

Байкал крайында жана Чита шаарында ушу тапта он миңге жакын кыргызстандык мигранттар эмгектенишет. Адатта жайкысын кыргызстандыктардын саны он миңге жете барса, кышкысын 7-8 миңдей мекендештерибиз иштешет.

Мекендештерибиздин көпчүлүгү соодада, жалпы тамактануу жайларында, такси, коомдук транспорттордо, курулуш жана башка тармактарда эмгектенишет. Көпчүлүгүнүн үй-жайы бар, көп жылдап иштеп кенен жайгашып алышкан. Жеке менчик кафе, ашканаларды иштеткендер да бар.

Кыргыздар башынан эле мал жандуу келгендиктен, ушул крайда жашаган кыргызстандыктар эки мал сарай кармашат. Сарайларда эки жүздөн ашык кой, 10-20 уй, жылкылар, канаттуулар багылат. Кыргыз жигиттери мезгил-мезгили менен ат чаап, улак тартып ойноп турушат.

Байкал крайындагы шаарларда жана Читадагы жогорку окуу жайларында ар кандай кесипке окуган кыргызстандык жаштар да бир топ. Алар спорттук, маданий ар кандай иш-чараларга активдүү катышып турушат.

Ал эми бул крайда кыргыз диаспорасынын түзүлгөнүнө он беш жыл толду. Кыргыз диаспорасы Байкал крайынын элдеринин ассамблеясынын активдүү мүчөсү. Ассамблея уюштурган бардык спорттук, маданий, эл аралык жана башка иштерге активдүү катышып, башкаларга салыштырмалуу алдыңкы катарда турат.

Кыргызстандыктар алыс жерди ынтымактуулуктун үлгүсүн көрсөтүп жашагандыктан, уурулук, талап-тоноо жана башка жаман адаттар жокко эсе. Жаштар мечитке барып турушат. Ушул орозо айында жолдош-жоролордун, жердештердин арасында ар эки күндө бир жолудан ооз ачаар өткөрүлүп келүүдө. Байкал крайында жашаган тажик, азербайжан, чечен, өзбек, татар калктары менен биргелешип, баш аягы төрт жүздөй адамдарга ооз ачаар өткөрүштү.

Бизге мындай кабарды кыргыз диаспорасынын жетекчиси Медетбек Карабаев жеткирди.

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<