Тюменде студенттердин “Чек арасыз муун” эл аралык фестивалы болуп өттү

Тюменде студенттердин “Чек арасыз муун” эл аралык фестивалы болуп өттү

Тюмендеги Канзада Сманова жетектеген “Биримдик” кыргыз диаспорасы активдүү иштеп жатат.

Кечээ,  25-майда Тюмень шаарындагы “Олимпия”турбазасында шаардын жаштары, студенттери үчүн мыкты иш-чара болуп өттү. Тюмень индустриалдык университети студенттердин эл аралык “Чек арасыз муун” деп аталган Xll фестивалын өткөрдү.

Тюмень шаарында окуп жатышкан кыргызстандык студенттер да бул иш-чарага катышышты. Алар кыргыздын улуттук маданиятын, үрп-адатын, салттарын башка өлкөлөрдүн студенттерине таанытып, Кыргызстанды жогорку деңгээлде даңазалай алышты.

Улуттук тамак-аш жагын Наргиза Осмонбекова, маданий жагын Арууке Токонова жетектеп, кыздарыбыз жумуштарын мыкты аткарышты.

Кыргызстандык студенттердин бул иш-чарага катышуусуна “Биримдик” кыргыз диаспорасы колдоо көрсөттү. Бул иш жаштар үчүн эң сонун долбоордук аянт болуп берди. Себеби биздин келечек жаштарда.

Кечээги иш-чарада Азербайжан өлкөсүнүн жаштары мыкты экендигин көрсөтүп биринчи орунга ээ болушту. Биздин кыргызстандык жаштар экинчи орунга чыгышты. Америкалык студенттер да алдыңкы орунду камсыз кылышты.

Белгилей кетчү нерсе, бул фестиваль жылыга өтүп турат. Былтыркы, мурдагы жылдарда өткөн фестивалдарда кыргызстандыктар биринчи орундарды ээлеп келишкен.

Мындай жагымдуу жаңылыкты бизге “Биримдик” диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова билдирди.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<