Санкт-Петербургдагы кыргыздардын жашоосунан бир үзүм

Санкт-Петербургдагы кыргыздардын жашоосунан бир үзүм

Кечээ, 26-майда Санкт-Петербург шаарын Петр биринчинин негиздегени боюнча майрамдык салтанат болуп өттү.

Бул майрамга шаардыктар абдан жакшы даярданышып, майрамдык жасалгалар, концерттер, музейлердин көргөзмөлөрү шаардыктардын эс алуусу үчүн кызмат кылып жатты.

Кыргыз улуттук маданий автономиясы да башка улуттардын коомдук уюмдары менен биргеликте бул майрамга активдүү катышышты. Эртең менен Нева проспектиси аркылуу өткөн жасалгалуу кареталарда өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийинишкен бардык улуттардын өкүлдөрү Васильевск аралындагы атайын жайга барышты. Аларды театралдык кийимчен Петр биринчи өзү тосуп алып, майрамдын башталгандыгын жар салды.

Бардык улуттардын чыгармачыл топтору өздөрүнүн улуттук ырларын, бийлерин кеңири программада тартуулай алышты. Улуттук кол өнөрчүлүк боюнча атайын мастер-класстарды өткөрүштү, айрыкча Санкт-Петербургдун кичинекей жашоочулары үчүн бул абдан кызык болду.

Ушундай маданий иш-чаралар Россияны мекендеп жашап жатышкан көптөгөн элдердин ынтымагын, өз ара ишенимин бекемдейт.

Кыргызстандык студенттер да ушул иш-чарага активдүү катышып, атайын дипломдор менен сыйланышты. Дастан Төрөкулов, Руслан Баймуратов, Сара Жапарова жана кыргыз улуттук автономиясынын башында турган Алмаз Абжапаров да өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Мындай кабарды бизге кыргыз автономиясынын вице-президенти Сара Жапарова кабарлады.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<