Сириядагы согушка катышкан эки кыргыз жараны Баткендеги чек арадан кармалды

Сириядагы согушка катышкан эки кыргыз жараны Баткендеги чек арадан кармалды

25-майда Баткен районунан Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүгө аракет кылган эл аралык террордук уюмдардын 2 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар буга чейин Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келишкен.

29 жаштагы Р.Б. 2015-жылы террордук уюмдар аркылуу Сирияга жөнөтүлүп, 2017-жылы Интерпол тарабынан издөө салынган. 27 жаштагы Р.У. Сириянын өкмөтүнө каршы куралдуу кагылышууларга катышкан. Экөө тең эл аралык террордук уюмдардын лагерлеринде атайын согуштук даярдыктан өтүшкөн.

Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди“, – деп айтылат маалыматта.

Булак Super.kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<