Тюменде өнөр жай форуму болуп өттү

Тюменде өнөр жай форуму болуп өттү

Кечээ, 27-майда Россиянын Тюмень шаарында “Тюмендеги аймактар аралык өнөр жай форуму – 2019” болуп өттү.

Бул тууралуу бизге Тюмень шаарындагы “Биримдик” кыргыз диаспорасынын катышуучусу Канзада Сманова билдирди. Ал дагы ушу форумдун ишине катышты.

Форумдун күн тартибине “Тюмень облусунун өнөр жай потенциалын өнүктүрүү” деп аталган маселе коюлуп, ал “Өнүгүүнүн локомотивдери”, “Атаандаштыкты башкара билүү”, “Жаш өнөр жайчылар”, “Инвестициялардын ярмаркасы” деп аталган секциялардагы жыйындар менен коштолду. Аягында “Сен ишкерсиң” деп аталган бизнес-оюн ойнолду.

Бул форумдун максаты Тюмендеги бардык тармактардын: бийликтин, бизнестин, социалдык тармактардын өкүлдөрүн бир жерге жыйнап, ой-пикирлерди, идеяларды ортого салып, проблемаларды жалпылап чечүү жолдорун талкуулоо эле.

Форумдун ишине Тюмень облусунун губернаторунун эки орунбасары В. Сысоев, В. Вахрин, облустун өнөр жай, бизнес чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<