Катарда Рамазан жармаңкеси өтүп жатат

Катарда Рамазан жармаңкеси өтүп жатат

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын экспорттук азык-түлүк өндүрүшүн алдыга жылдыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги элчилигинин жардамы менен “Аль Азт Трейдинг” кыргыз-катарлык компаниясы Доха шаарында үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинен тартып өтүп жаткан жана 4-июнга чейин улануучу эл аралык “Рамазан фестивалы” көргөзмө-жармаңкесине катышып жатат.

“Аль Азт Трейдинг” компаниясы көргөзмөнүн конокторунун арасында популярдуулукка ээ болгон ар түрдүү бал сортторун жана кургатылган мөмө-жемиштерди көрсөтүүдө.

Бул көргөзмө-жарманке жыл сайын уюштурулат жана быйылкы иш-чара “Мусулман өлкөлөрүндөгү меймандостук” ураанынын астында өтүп жатат.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<