Түркиядагы кайрымдуулуктун түйшүгү

Түркиядагы кайрымдуулуктун түйшүгү

Түркиянын мыйзамына ылайык, жардамга муктаж жарандар жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана элден каражат чогултуп, акчалай көмөк ала алышат. Бул мыйзамды бузгандар 117 доллардын тегерегинде айыппул төлөөгө милдеттүү.

Быйыл 22-майда Түркиянын борбор шаары Анкарада кыргызстандык келин жол кырсыгына кабылып каза тапкан. Жергиликтүү полиция ал келиндин Анкарадагы тааныштарына чалып, суук кабарды угузган. Алардын бириЖазгүл түн бир оокумда каргашалуу кабарды угар замат ооруканага барып, эмне болгону тууралуу маалымат алган. Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча Анкарадагы Кыргызстандын элчилигине кайрылган Жазгүл керектүү документтердин баарын тапшырган.

«Каза болгон эженин жанында эч кандай документи жок экен,  деди ал.  Мен дароо элчиликке чалдым. Алар «жок дегенде паспортунун сүрөтү болсо да алып кел» дешти. Мен үйүндөгүлөр менен сүйлөшүп, бардык керектүү документтерди элчиликке жеткирдим. «Сөөк Кыргызстанга чейин акысыз жеткизилет» дешти. Бирок сөөктү жууп, кепиндеген кызматка 300 доллар төлөш керек экен. Аны эженин туугандары Кыргызстандан жөнөтүштү. Мен баарын төлөп, 27-майда Анкаранын аэропортуна чейин жеткизип бердик».

Каза тапкан келин Анкарада үй кызматтарында иштеп жүрчү экен. Кыргызстандагы эки уулу энесин үч жылдан бери көргөн эмес. Каргашалуу кырсыктан өлгөн келиндин сүрөтү Түркиядагы мекендештердин социалдык түйүндөрүндө жайылып, «сөөктү Кыргызстанга жеткириш үчүн каражат топтойбуз» деген жарыялар пайда болгон. Маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү иштерин уюштуруп жүргөн Жазгүл Түркияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар акча чогултуп коюшканын айтты:

«Учурда Түркиядагы кыргызстандыктар чогултуп жаткан акчаны ыраматылык эженин Кыргызстандагы туугандарына эле жөнөтөлү дедик. Анткени адегенде эле балким керек болуп калабы деп чогулта баштагандыктан токтото алган жокпуз. Орозо айында мекендештер өзгөчө кайрымдуулук көрсөтүштү. Мен акча бергендердин аты-жөнүн жазып, эженин Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө которуп жиберейин деп турам».

Ал эми Түркиядагы «Чет өлкөлүк коомдордун платформасынын» жетекчиси Кенан Хикмет Йозгатлы Түркиядагы коомдор уюмдар же жеке адамдар кайсы учурда каражат топтой аларын мындайча түшүндүрдү:

Кенан Хикмет Йогзатлы.
Кенан Хикмет Йогзатлы.

«Биз, коомдук уюмдар эң көп дуушар болгон жагдайлардын бири – ооруп калган мигранттарга каражат топтоо. Бирок алар, жада калса ошол жардамга муктаждын үй-бүлөсү да тийиштүү мамлекеттик мекемелерден уруксат албай туруп элден акча сурай албайт. Буга мыйзам жол бербейт. Эгер коомдук уюмдардын расмий эсептерине жеке демөөрчүлөр акча которсо гана биз ал сумманы коомдун мүчөлөрү менен кеңешип , анан керектелчү жактарга жумшайбыз. Түркияда негизинен ооруканага түшүп калган мигранттар, кароосуз калгандар, жардамга муктаж чет өлкөлүктөр акчалай жардам топтоого мажбур болушат».

Түркиянын «Жардам топтоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, жергиликтүү бийлик органдарынан жазуу жүзүндө уруксат албай туруп каражат топтогон жарандар 117 доллардын тегерегинде айыпка жыгылат. Бул мыйзам чет өлкөлүктөргө да тиешелүү. Кыргызстандык мигранттар көп отурукташкан Анталия шаарында түзүлгөн «Айымдар» коомунун жетекчиси Периза Асаналиева өзгөчө Түркияда каза болгон кыргызстандыктардын атына каражат топтогон учурлар көп экенин айтып берди:

Перизат Асаналиева.
Перизат Асаналиева.

«Акыркы айларда Түркиядагы кыргыздар арасында адатка айланган бир көрүнүш пайда болду. Бир жараныбыз ооруп же каза болуп калса эле акча топтой калган учурлар көп кездешет. Мындай кылдат маселелерди мамлекеттик деңгээлде элчилик, консулдуктар чечсе, биздин мекендештердин кызыкчылыгы жогору корголот. Элчилик сөөк салынган жүктү ансыз деле акысыз жеткизип жүрөт. Буга чейин «Жүк 200» боюнча маселе чыга элек. Бирок дароо эле мекендештер арасында «акча чогулта калалы» деген көрүнүштөр тыйылбай келет. Мунун мыйзам аркылуу жазага тартыларын биздикилер билбей жатышат».

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанга жыл сайын чет өлкөдөн 300гө жакын «Жүк 200» барат. Негизинен Орусиядан каза тапкан мигранттар көптүк кылат. Түркияда каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөгүн акысыз мекенине жеткизүү боюнча Анкара менен Бишкектин ортосунда атайын келишим жок. Бирок Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук менен түрк авиакомпанияларынын расмий эмес макулдашуусуна ылайык акыркы беш жылдан бери Түркиядан Кыргызстанга «Жүк 200» акысыз жеткирилет. Стамбулдагы башкы консул Заманбек Рысалиев сөөк жеткирүү мүшкүлүнүн каражат жагына токтолду:

«Биздин жарандар Түркияда каза болгондо биринчиден жергиликтүү ритуалдык кызмат көрсөткөн фирмалар менен сүйлөшөбүз. Анткени сөөк учак менен узун жолдо бузулбаш үчүн атайын кепиндеп дары чачышат. Бул фирмалар Стамбул шаарында өз кызматына орточо 800 доллар алышат. Башка шаарларда кызмат акысы ар кандай. Бул сумманы каза болгон жарандын туугандары өз мойнуна алышат. «Жүк 200» боюнча эки өлкө ортосунда атайын кол коюлган макулдашуу жок. Бирок жараныбыз каза тапса Кыргызстандын консулдугу «Пегасус» авикомпаниясынан акысыз жеткирип берүүнү суранабыз. Азыркыга чейин биздин өтүнүчүбүзгө «жок» деп жооп бере элек. Андыктан Түркиядан «Жүк 200дү» акысыз кетирип жатабыз. Антпесе бир сөөктү Стамбулдан Бишкекке жөнөтүү 900 доллардын тегерегинде болуп калмак».

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет. 2018-жылы Түркиядан Кыргызстанга 19 жолу «Жүк 200» жөнөтүлгөн. Бул сан мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп. Негизинен мигрант кыз-келиндер саламаттыгынын айынан жана кырсыкка учурап жарыкчылык менен кош айтышкан. Жашоого кайыл болуп өз жанын кыйгандар да бар.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<