2019-жылдын январь-мартындагы орточо айлык эмгек акы канча болду?

2019-жылдын январь-мартындагы орточо айлык эмгек акы канча болду?

Эмгек акынын эң жогорку өлчөмү Бишкек шаары менен Нарын облусунда кездешкен.

2019-жылдын январь-мартында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 15 716 сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 4,1 пайызга көбөйдү. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлашты.

Маалыматта Улуттук банк аныктаган валюталардын расмий курсунун натыйжасында быйылкы жылдын январь-мартында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 225,2 долларды түздү.

Эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы республиканын бардык региондорундагы ишканаларда жана уюмдарда болгон.Орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин олуттуу жогорулашы Талас (8,6 пайыз) жана Жалал-Абад облустарынын (4,4 пайыз), ошондой эле Ош шаарынын (5,2 пайыз) ишканаларында жана уюмдарында байкалган.

Эмгек акынын эң жогорку өлчөмү Бишкек шаары (20 403 сом), Нарын (15 346 сом), Чүй (14 476 сом) жана Жалал-Абад облустарынын (14 339 сом) кызматкерлеринде катталган.

Булак Спутник

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<