Түркиядагы Кыргызстандын элчиси К. Өмүралиев кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү менен жолугушту

Түркиядагы Кыргызстандын элчиси К. Өмүралиев кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү менен жолугушту

КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Анталия шаарындагы «Кыргыз Эли» коомдук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Аталган жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Түркияда ишин жүргүзүп жаткан жарандарынын туруусу, ошондой эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча кенен пикир алмашуу болду.

Ошондой эле Анталия аймагындагы биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү маселелери, тагыраак айтканда түрк элин «Манас» эпосу менен тааныштыруу максатында үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда өткөрүлүүчү «Манас» чыгармачылык кечеси талкууланды.

Жолугушуунун аягында «Кыргыз Эли» коомдук уюмунун өкүлдөрү жана активистери К. Өмүралиевдин ишине ийгилик каалап мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүттөнгөндөрүн билдиришти.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<