Тюмендеги кыргызстандыктардын жайкы миграция маселелери чечилип жатат

Тюмендеги кыргызстандыктардын жайкы миграция маселелери чечилип жатат

29-майда Тюмень облусунун улуттук-маданий бирикмелеринин координациялык кеңешинин миграция маселелери боюнча комиссия мүчөлөрүнүн, УМВД Россиянын Тюмень облустук миграция башкармалыгынын жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Тюмендеги “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова жана башка улуттук диаспора жетекчилери катышты.  УМВД Россиянын Тюмень облустук миграция маселеси боюнча башкармалыктын орунбасары А. Заморов, ушул эле башкармалыктын эмгек миграциясы маселелерин тейлеген бөлүмдүн башчысы О. Алексеева, иммиграциялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Д. Бугаев менен жолугушууда К. Сманова кыргыз мигранттарынын маселелерин алардын алдына койду.

Себеби жайында Тюменде иштеп жаткан кыргызстандык мигранттарга туугандары, балдары келишет. Тескерисинче, Тюменден Кыргызстанга жайкы каникулга барган балдар көп болот. Ошентип келип-кеткендердин миграциялык картасына адамдар “жеке иштер”, “иш” же дагы башка максатын жазып келишет. Мисалы, жашы өткөн адамдар жеке иштер менен келишип, бирок үч айдан көбүрөөк жүрүп калышып, мыйзамды бузушат. Кээде жашы жете элек балдардын картасына “иш” деп жазып алган туура эмес учурлар кездешет. Мына ушундай маселени чыккан жеринде эле, айталы, Тюмень шаарынын ушул маселе боюнча иш алып барган мекемесинде чечүүгө болор-болбосу тууралуу маселе көтөрүлдү. Тюмень облустук миграция бийлигинин өкүлдөрү эгер чындап кары-картаңдар же жаш балдар ушундай абалга туш болушса, бирин-экин ушундай маселени жеринде чечсе болорун айтышты.

Калган адамдар миграциялык картасын туура толтуруп келүүсүнүн зарылдыгы, жаш балдар “жеке иш”, “окуу” же “мейман” катары карталарын толтуруп келгени туура болору айтылды. Эгер үч айга уруксат берилген карта менен киришсе, үч айдан кийин мыйзамды бузбай чыгып кетүүлөрү зарыл. Эгер ишке келгендер болсо, бир айдан кийин эмгек келишимин алып, керектүү документтерин бүтүрүшү керек.

Экинчи маселе, Россиядан Кыргызстанга кайткан балдар, анын ичинде Тюменден Кыргызстанга бараткан балдар Казакстандын Кордай постунан өтө албай калган учурлар болууда. Бул мындан чыгып жатат: ата-энеси Россияга кетип ал жактан жарандыкты алып, балдары Кыргызстандан туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышып, Россиядан алардын документине “Россиянын жарандыгын алган” деп мөөр басып коюп жатышат. Ушундай документи бар балдарды ортодон Казакстан өткөрбөй маселе болууда. Акыркы 4-5 күндөн бери ушул абдан чоң маселе болду. Себеби, көп ата-энелер ушу боюнча көп кайрылышты. Бул маселе боюнча ким кайдан жарандык алса, ошол жерден жарандык алгандыгы тууралуу справка бериле тургандыгы айтылды. Ушул боюнча документ бере турган бардык паспорт столдоруна тапшырма берилди.

А негизи ата-энеси, балдары башка өлкөнүн жарандыгын алышса, алар чет өлкөлүк паспорт менен жүргөнү туура болот. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөргө “жарандыкты кабыл алган” деп жазып коюу туура эмес. Россиянын чет өлкөлүк паспорттору беш жана он жылдык, ошонун беш жылдыгын миң рублга алып койсо, жогорудагыдай маселе жаралбайт эле.

Бизге бул маалыматты “Биримдик” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова билдирди.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<