Адамдын эркин сынап, ички дүйнөсүн тазалаган орозо айы да аяктап калды

Адамдын эркин сынап, ички дүйнөсүн тазалаган орозо айы да аяктап калды

Ошентип, орозо айы дагы сапарын карытып баратат.

Ушул айда бардык мусулмандар өздөрүнүн эркин, сабырдуулугун көрсөтүшүп, аны менен бирге ички жана руханий жактан тазалануу, сооп иштерин эселеп аткарууну ишке ашырып жатышат.

Орозо айын жакшылап өткөрүүдө биздин алыскы өлкөлөрдө эмгектенип жатышкан мекендештерибиз да ар улуттун арасынан өздөрүнүн ынтымактуулугун көрсөтүп келишет.

Кечээги кадыр түндү Россиянын Чита шаарында жашаган мекендештерибиз шаардын борбордук мечитинде тосушуп, жалпысы ар улуттан турган 400-450дөй адам чогулду.

Байкал крайынын Дин башкармалыгынын башчысынын орунбасары Абдиваси Арынов өзү Кыргызстандын Ноокат районунан болот. Ал киши орозого тиешелүү бардык маселелерге, суроолорго түшүндүрмө берип келет. Орозо айы башталгандан тарта кыргызстандыктар он беш жолу ооз ачаар өткөрүштү. Кыргызстандык мекендештер коомдук турмушта эле эмес, диний жашоодо да тажик, чечен, өзбек жана башка мусулман калкынын өкүлдөрү сыяктуу алдыңкы катарда турушат.

Кыргызстандык диний аалымдар медреседе да таалим берип, дарс окушат.

РФ Дин башкармалыгынын чечими менен орозо айт намазы 4-июнда эртең мененки саат жетиде окула турган болду.

Бизге ушул кабарды Байкал крайындагы кыргыз диаспорасынын башчысы, Байкал крайындагы элдердин ассамблеясынын президиумунун мүчөсү Медетбек Карабаев билдирди.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<