АКШга виза алуунун шарты татаалдашты

АКШга виза алуунун шарты татаалдашты

АКШнын Мамлекеттик департаменти өз өлкөсүнө виза алуунун жаңы шарттарын иштеп чыкты. Эми Кошмо Штаттарга виза алгысы келген адам социалдык тармактардагы аккаунттарын көрсөтүп, акыркы беш жылдагы телефон номерлерин айтышы керек.

Мамдепартамент өкүлдөрү мындай чара «террорчуларды жана башка кооптуу адамдарды аныкташ үчүн» киргизилип жатканын түшүндүрдү.

Виза алыш үчүн кайрылган адам социалдык тармактарда катталбаганы жөнүндө маалымат берүүгө укугу бар. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө бул жалган болуп чыкса, анын «кесепети» болору эскертилди.

Буга чейин социалдык тармактардагы аккаунттарды террорчул топтор иш жүргүзгөн аймакка барган адамдар көрсөтүүгө милдеттүү болчу.

Мындан ары АКШга туристтик, студенттик же жумуш визасын алууну каалаган ар бир адам жаңы шартты аткарышы керек.

Дипломаттар менен расмий делегациянын курамында Кошмо Штаттарга бара жаткандар гана мындай милдеттенмеден бошотулду.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<